Башкы беткеКоомБишкектеги автобус айдоочулары 170 миң сомго чейин айлык алышууда

Бишкектеги автобус айдоочулары 170 миң сомго чейин айлык алышууда

Баш калаадагы автобус айдоочуларынын айлыгы 170 миң сомго чейин жетти. Бул тууралуу “Бишкек шаардык транспорт” муниципалдык ишканасынын директору Талантбек Капаров “Биринчи радиого” маек берип жатып билдирди.

Капаровдун белгилөөсүндө, 1-апрелден тарта айдоочулардын эмгек акысы жогорулатылган.
Учурда автобус айдоочулары иштеген саатына жараша 60 миң сомдон 170 миң сомго чейин айлык алышууда.

Ошондой эле ал жол эрежесин бузган айдоочулар кара тизмеге киргизилип, жүргүнчү ташуу жаатында тартип орнотулуп жатканын кошумчалады.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар