Башкы беткеМаданиятVI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын утурлай “Биримдик кербени” Баткенден башталды

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын утурлай “Биримдик кербени” Баткенден башталды

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына карата уюштурулуп жаткан “Биримдик кербени” долбоору Баткенден башталды.

Маалыматка ылайык, долбоордун катышуучулары Баткен районундагы касиеттүү Суу-Башы булагынан атайын көөкөргө суу алып, аны салтанаттуу жүрүш менен облус борборуна жеткиришти. Кербен жүрүшү маданий программа менен коштолду.

Иш-чарага Баткен облусундагы президенттин өкүлү Мамыржан Рахимов катышып, бул демилге өлкөнүн аймактарын бириктирүүгө багытталган маанилүү долбоор экенин белгиледи. Анын айтымында, мындай иш-чаралар улуттук баалуулуктарды даңазалап, элдин ынтымагын бекемдөөгө өбөлгө түзөт.

Долбоордун алкагында өнөктөш уюмдар да өз колдоосун көрсөтүштү. «А-Банк» кербенден алынган сууну сактоо үчүн атайын жай даярдаса, Chevrolet Kyrgyzstan компаниясы кербенди атайын жасалгаланган автоунаалар менен коштоду.

Мындан тышкары, ЮНИСЕФтин демилгеси менен балдар кербени уюштурулуп, жаштар үчүн улуттук оюндар жана таанытуу иш-чаралары өткөрүлдү.

Уюштуруучулардын маалыматына караганда, «Биримдик кербени» долбоору Кыргызстандын бардык аймактарындагы ыйык булактардан суу чогултууну көздөйт. Кийин бул суулар бириктирилип, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу аземдеринде элдердин достугунун, ынтымагынын жана биримдигинин символу катары пайдаланылат.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар