Башкы беткеЭкономикаКыргызстандын Европа Биримдигинин авиациялык коопсуздук боюнча "кара тизмесинен" чыгарылуусу чоң мүмкүнчүлүк

Кыргызстандын Европа Биримдигинин авиациялык коопсуздук боюнча “кара тизмесинен” чыгарылуусу чоң мүмкүнчүлүк

Кыргызстанда соңку учурларда болуп жаткан эл аралык дэңгээлдеги окуялар боюнча мурдагы экономика министри Арзыбек Кожошевдин эксперттик өз оюн сунуштайбыз.

Акыркы айларда Кыргызстан эл аралык аренада бир катар маанилүү жана тарыхый жетишкендиктерге жетишти. Алардын катарында «Элдик Банктын» эл аралык каржы рыногунда дебюттук еврооблигацияларын ийгиликтүү жайгаштыруусу, өлкөнүн тарыхында биринчи жолу Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу эмес мүчөсү болуп шайланышы жана Европа Биримдигинин авиациялык коопсуздук боюнча «кара тизмесинен» чыгарылышы өзгөчө орунду ээлейт.

Өзгөчө мааниге ээ болгон акыркы чечимдердин бири – Кыргызстан 20 жылдан кийин Европа Биримдигинин авиациялык коопсуздук боюнча «кара тизмесинен» чыгарылды. Бул окуя жарандык авиация тармагындагы гана эмес, жалпы өлкөнүн эл аралык аброю үчүн чоң жетишкендик болуп саналат. Анткени аталган тизмеде болуу узак жылдар бою Кыргызстандын эл аралык имиджине терс таасирин тийгизип келген.

Өлкөдө жарандык авиация транспорттук байланыштарды камсыздоодо, калктын мобилдүүлүгүн жогорулатууда жана туризмди өнүктүрүүдө стратегиялык мааниге ээ. Бирок буга чейин кыргызстандык авиакомпанияларга Европа өлкөлөрүнө учууга жана Евробиримдиктин аба мейкиндигин пайдаланууга тыюу салынган болчу. Бул негизинен авиациялык коопсуздук стандарттарынын жетишсиздиги, мыйзамдык базанын эл аралык талаптарга толук жооп бербеши, көзөмөл механизмдеринин алсыздыгы жана адистердин тартыштыгы менен байланыштуу эле.

Акыркы жылдары өлкөдө авиация тармагын реформалоо боюнча масштабдуу иштер жүргүзүлдү. Эл аралык жарандык авиация уюмунун (ICAO) стандарттарын ишке ашыруу деңгээли жогорулатылып, авиациялык коопсуздук күчөтүлдү, инспекторлор менен адистердин квалификациясы жакшыртылды. Ошондой эле заманбап учактар сатып алынып, аэропорттук инфраструктура жаңыланды. Натыйжада өлкөдөгү бардык аэропорттор кайрадан ишке киргизилип, анын ичинде 5 эл аралык жана 6 аймактык аэропорт толук кандуу иштей баштады.

Европа Биримдигинин чечими Кыргызстан үчүн кеңири мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Биринчиден, Европа өлкөлөрү менен түз аба каттамдарын өнүктүрүүгө шарт түзүлөт. Экинчиден, жүк ташуу жана логистика тармагынын мүмкүнчүлүктөрү кеңейет. Үчүнчүдөн, авиация тармагына инвестиция тартуу жеңилдеп, учактарды лизингге алуу жана камсыздандыруу чыгымдары азаят. Ошондой эле өлкөнүн транзиттик мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө, туризмди өнүктүрүүгө жана эл аралык деңгээлдеги ишенимди бекемдөөгө өбөлгө түзөт.

Бул жетишкендиктерди жалпы мамлекеттик саясаттын алкагында кароо зарыл. Бүгүнкү күндө Кыргызстан өзүнүн транзиттик жана логистикалык потенциалын толук ачууга багытталган стратегияны ишке ашырууда. Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолунун курулушунун башталышы, өлкөнүн Эл аралык деңиз уюмуна (IMO) мүчө болушу жана транспорттук мыйзамдарды заманбап талаптарга ылайыкташтыруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер ушул стратегиянын ажырагыс бөлүгү болуп саналат.

Бул кадамдардын бардыгы Кыргызстанды Борбор Азиядагы жана Евразия мейкиндигиндеги маанилүү транспорттук жана логистикалык борборго айландырууга багытталган. Мындай максат Кыргыз Республикасынын 2030-жылга чейинки Улуттук өнүктүрүү программасында мамлекеттик саясаттын негизги артыкчылыктарынын бири катары белгиленген.

Эксперттердин белгилешинче, эл аралык деңгээлдеги мындай ийгиликтер өлкөдө жүргүзүлүп жаткан ырааттуу реформалардын, мамлекеттик институттарды чыңдоонун жана эл аралык өнөктөштөрдүн ишенимин арттырууга багытталган системалуу иштердин натыйжасы болуп саналат. Кыргызстан акырындык менен дүйнөлүк коомчулуктун ишенимине ээ болуп, эл аралык аренадагы өз ордун бекемдеп келет.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар