Ошто бир эле учурда 10 жаңы сквер пайдаланууга берилди. Шаар мэриясынын маалыматына караганда, жаңы жашыл аймактардын жалпы аянты 2,57 гектарды түзөт.
Буга чейин кароосуз калган аймактар көрктөндүрүлүп, шаар тургундарынын эс алуусу үчүн заманбап коомдук жайларга айландырылды. Скверлерде тротуарлар оңдолуп, жарыктандыруу системалары орнотулду. Ошондой эле отургучтар жана таштанды челектери коюлуп, айрым көп кабаттуу үйлөрдүн фасаддары жаңыланды.
Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев шаарды жашылдандыруу жана көрктөндүрүү иштери мындан ары да улантыларын билдирди. Анын айтымында, шаарда дагы 10 жаңы скверди түзүү боюнча чечим кабыл алынган.



