Үстүбүздөгү жылдын 21-июнунда улуттук маданияттын ажырагыс бөлүгү болгон шырдак жасоо өнөрүнө арналган
«Шырдак-2026» фестивалы Ош шаарында өтөт.
Иш-чаранын алкагында чеберлер өздөрүнүн мыкты эмгектерин көрсөтүп, кыргыздын салттуу кол өнөрчүлүк мурасын даңазалашат. Фестивалдын жыйынтыгында тандалып алынган эң мыкты шырдактар жана алардын авторлору Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.
Уюштуруучулар фестиваль улуттук кол өнөрчүлүктү өнүктүрүүгө, жаш муунга салттуу өнөрдү жайылтууга жана кыргыз элинин маданий баалуулуктарын таанытууга багытталганын белгилешти.
«Шырдак-2026» фестивалына кол өнөрчүлүккө кызыккан бардык жарандар жана чеберлер чакырылат.



