Башкы беткеДүйнөДүйнө чемпионатынан Португалия 945 млн еврого чейин киреше табуусу мүмкүн

Дүйнө чемпионатынан Португалия 945 млн еврого чейин киреше табуусу мүмкүн

Португалияда футбол боюнча дүйнө чемпионаты өтпөсө да, 2026-жылкы турнир өлкөнүн экономикасына 945 миллион еврого чейин пайда алып келиши мүмкүн. Мындай жыйынтык Португалиянын Маркетингди башкаруу институту (IPAM) жүргүзгөн изилдөөдө айтылды.

Изилдөөгө ылайык, дүйнө чемпионатынын экономикалык таасири эми турнирди өткөргөн өлкөгө гана эмес, күйөрмандардын активдүүлүгүнө, медиа чагылдырууга жана санариптик платформалардагы катышуусуна да көз каранды болуп калды.

Адистердин эсебинде, Португалиянын экономикалык пайдасы улуттук курама команданын жыйынтыгына жараша 378 миллион евродон 945 миллион еврого чейин жетиши мүмкүн. Эгер команда тайпалык этап менен чектелсе, киреше 378 миллион евро болот. Ал эми плей-оффко чыкса 561 миллион еврого чейин өсөт. Португалия чемпион аталса, экономикалык эффект 945 миллион еврого жетери болжолдонууда.

Изилдөөчүлөр мындай өсүшкө дүйнө чемпионатынын АКШ, Канада жана Мексика сыяктуу ири рыноктордо өтүшү, катышуучулардын санынын 48 командага чейин көбөйүшү жана санариптик экономиканын өнүгүшү негизги фактор болуп жатканын белгилешет.

Маалыматка караганда, жалпы экономикалык таасирдин 77 пайызы салттуу керектөөлөрдөн түзүлсө, 23 пайызы стриминг платформалары, социалдык тармактар жана колдонуучулар жараткан контент аркылуу камсыздалат.

Ошондой эле күйөрмандардын активдүүлүгү өзүнчө экономикалык фактор катары бааланууда. Изилдөө авторлору дүйнө чемпионаты футболдон тышкары соода, жарнама, туризм жана санариптик кызмат көрсөтүүлөр үчүн да олуттуу мүмкүнчүлүктөрдү жаратарын белгилешти.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар