Нарын облусунун Кочкор районундагы Кум-Дөбө айыл аймагында жайгашкан деңиз деңгээлинен 4 миң 234 метр бийиктиктеги тоо чокусуна «Ормон хан» деген географиялык аталышты ыйгаруу боюнча мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды.
Мыйзам долбоорунун негиздемесинде Ормон хан XIX кылымдагы кыргыз элинин көрүнүктүү тарыхый инсандарынын бири экени белгиленген. Анда анын кыргыз мамлекеттүүлүгүн чыңдоого, кыргыз урууларынын башын бириктирүүгө, аймактык бүтүндүктү коргоого жана коомдук-саясий түзүлүштү өнүктүрүүгө кошкон салымы белгиленип, ишмердиги тарыхта өзгөчө орунду ээлери айтылат.
Маалыматка ылайык, аталыш берүү сунушталган чоку Кум-Дөбө айыл аймагындагы Шамсы айылынан 15 чакырым, ал эми Кочкор районунун борборунан 51 чакырым алыстыкта жайгашкан.
Документ Министрлер кабинетине караштуу административдик-аймактык түзүлүш жана географиялык аталыштар маселелерин кароо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын жыйынында жактырылып, Жергиликтүү өз алдынча башкаруулар союзу менен макулдашылган.
Мыйзам долбоорун кабыл алуу республикалык бюджеттен кошумча каражат бөлүүнү талап кылбай турганы белгиленди.



