2026-жылдын 10-июнунда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Брюсселде өткөн Европа Биримдигинин Авиациялык коопсуздук тизмесинин 20 жылдыгына арналган иш-чарага катышты.
Жыйында ал Кыргызстан жарандык авиация тармагында жүргүзүлгөн реформалардын жыйынтыгында эл аралык стандарттарга шайкеш келген көзөмөл системасы түзүлүп, учуу коопсуздугу кыйла жакшырганын белгиледи. Ошондой эле Европа комиссиясына, EASA жана ICAO уюмдарына көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.
Данияр Амангелдиев Кыргызстанды Евробиримдиктин авиациялык коопсуздук боюнча тизмесинен чыгаруу тууралуу чечимди өлкө үчүн маанилүү жетишкендик катары баалап, бул кадам авиация тармагындагы кызматташтыктын жаңы этабын ачарын айтты.
Сапардын алкагында ал Европа комиссары Апостолос Цицикостас менен жолугуп, жарандык авиация, транспорттук байланыш жана туруктуу транспорт тармагындагы кызматташтыкты кеңейтүү маселелерин талкуулады. Тараптар Кыргызстан менен Евробиримдик өлкөлөрүнүн ортосундагы аба каттамдарын өнүктүрүүгө жана авиациялык коопсуздук жаатындагы өнөктөштүктү бекемдөөгө кызыкдар экенин билдиришти.





