Башкы беткеЭкономикаБакыт Сыдыков: Кыргызстан санкциялык тобокелдиктерди азайтуу боюнча көзөмөлдү күчөтүүдө

Бакыт Сыдыков: Кыргызстан санкциялык тобокелдиктерди азайтуу боюнча көзөмөлдү күчөтүүдө

Кыргыз Республикасынын Президентинин санкциялык саясат жана санкциялык тобокелдиктерди минималдаштыруу маселелери боюнча атайын өкүлү, экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков өлкө санкциялык тобокелдиктерди азайтуу жана финансылык системанын ачык-айкындуулугун камсыз кылуу багытында системалуу иштерди жүргүзүп жатканын билдирди.

Анын айтымында, мамлекет өз аймагын жана финансылык инфраструктурасын санкцияларды айланып өтүү же мыйзамсыз иш-аракеттер үчүн пайдаланууга жол бербөө максатында көзөмөлдү күчөтүүдө. Өзгөчө көңүл виртуалдык активдер рыногун жөнгө салууга жана бул тармактагы тобокелдиктерди азайтууга бурулуп жатат.

Бул багытта мамлекеттик органдар рынокко туруктуу мониторинг жүргүзүп, мыйзам талаптарын бузган учурларда катуу чараларды көрүүдө. Ошондой эле Президентке караштуу Виртуалдык активдер жана блокчейн технологиялары боюнча улуттук агенттик түзүлүп, тармактагы көзөмөл жана координация күчөтүлдү.

Бакыт Сыдыков Кыргызстан эл аралык өнөктөштөр, анын ичинде АКШ, Европа Биримдиги жана Улуу Британия менен тыгыз кызматташып жатканын белгиледи. Учурда санкциялык тобокелдиктерге байланыштуу деп саналган 50 юридикалык жакты жоюу боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

Министр Кыргызстан мыйзамсыз финансылык операцияларга каршы күрөштү күчөтүп, эл аралык талаптарды сактоо менен финансылык туруктуулукту жана өлкөнүн эл аралык аброюн коргоону улантарын баса белгиледи.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар