Министрлер кабинетинин төрагасы – Президенттин администрациясынын жетекчиси Адылбек Касымалиев тиричилик калдыктарын кайра иштетип, электр энергиясын өндүрүүчү эко-технологиялык заводдун экинчи этабынын курулушуна капсула салуу аземине катышты.
Ал өз сөзүндө долбоор борбор калаанын экологиялык абалын жакшыртуу жана келечек муундар үчүн маанилүү стратегиялык кадам экенин белгиледи.
Касымалиев акыркы жылдары Бишкектеги абанын сапатын жакшыртуу боюнча бир катар чаралар көрүлгөнүн айтты. Алардын катарында жеке секторду газдаштыруу, шаардыктарга жеңилдетилген насыяларды берүү, дизелдик автобустарды газ жана электр энергиясы менен жүрүүчү транспортко алмаштыруу, ошондой эле көмүрдүн экологияга зыяндуу түрлөрүн сапаттуу көмүргө алмаштыруу бар.
Анын айтымында, заводдун экинчи этабы ишке кирсе, таштанды көйгөйүн чечүүгө, кошумча «жашыл» энергия булагын түзүүгө жана абанын сапатын жакшыртууга мүмкүнчүлүк жаралат. Ошондой эле долбоор көмүр кычкыл газынын бөлүнүп чыгышын жылына болжол менен 312 миң тоннага кыскартат.
Министрлер кабинетинин төрагасы бул долбоорду келечек муундар үчүн жасалган инвестиция катары баалап, шаарды заманбап, технологиялык жана экологиялык жактан таза борборго айландыруу максаты көздөлөрүн белгиледи.
Маалыматка ылайык, заводдун биринчи этабы 2025-жылдын 27-декабрында пайдаланууга берилген. Ал суткасына миң тонна тиричилик калдыгын кайра иштетүүгө ылайыкталган. Экинчи этап аяктагандан кийин комплекстин жалпы кубаттуулугу суткасына үч миң тоннага жетет. Экинчи блок күнүнө эки миң тонна таштандыны кайра иштетип, анын курулушу үч жылдын ичинде бүткөрүлөрү пландалууда.



