Словакиянын Братислава шаарында Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары Медер Абакиров менен Словакиянын тышкы жана европалык иштер министрлигинин мамлекеттик катчысы Марек Эштоктун катышуусунда кыргыз-словак тышкы иштер министрликтер аралык консультациясы өттү.
Жолугушууда тараптар эки өлкө ортосундагы саясий диалогдун учурдагы абалын жана келечегин талкуулап, соода-экономикалык, инвестициялык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерине токтолушту. Ошондой эле Борбор Азия менен Европа Биримдигинин ортосундагы кызматташтыктын келечеги боюнча пикир алмашуу болду.
Консультациялардын жүрүшүндө Словакиянын тышкы иштер министри Юрай Бланардын 2025-жылдын апрелинде Кыргызстанга жасаган расмий сапарынын жыйынтыгында жетишилген макулдашууларды ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурулду. Тараптар экономика, инвестиция, энергетика, транспорт жана билим берүү тармактарындагы биргелешкен долбоорлорду илгерилетүүгө кызыкдар экенин ырасташты.
Мындан тышкары, жогорку жана эң жогорку деңгээлдеги өз ара сапарларды уюштуруу маселеси өзүнчө каралды. Тараптар Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун Словакияга жана словак жетекчилигинин Кыргызстанга боло турган сапарларын даярдоонун маанилүүлүгүн белгилеп, мындай жолугушуулар эки тараптуу кызматташтыкты жаңы деңгээлге көтөрөрүн белгилешти.
Жолугушууда эл аралык уюмдардын, анын ичинде БУУ жана ЕККУнун алкагындагы кызматташтык да талкууланды. Словак тарап Кыргызстанды 2027–2028-жылдары БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөсү болуп шайланышы менен куттуктап, эл аралык маселелер боюнча кызматташууну улантууга даяр экенин билдирди.
Ошондой эле консулдук-укуктук кызматташтык, эмгек миграциясы, жарандарды социалдык жактан коргоо жана эки өлкөнүн ортосундагы келишимдик-укуктук базаны өркүндөтүү маселелери каралды.



