Башкы беткеПрезидентСадыр Жапаров Грузиянын өкмөт башчысы менен сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча ЖМКларга билдирүү жасады

Садыр Жапаров Грузиянын өкмөт башчысы менен сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча ЖМКларга билдирүү жасады

Президент бүгүн Бишкекте Грузиянын Премьер-министри Ираклий Кобахидзе менен болгон сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында жалпыга маалымдоо каражаттары үчүн билдирүү жасап, эки өлкөнүн кызматташтыгын жаңы деңгээлге чыгаруу боюнча жетишилген макулдашуулар тууралуу айтты.

Мамлекет башчысы Ираклий Кобахидзенин Кыргызстанга алгачкы расмий сапары өзгөчө тарыхый мааниге ээ экенин белгилеп, бул 34 жылдык кыргыз-грузин дипломатиялык мамилелеринин тарыхындагы Грузия өкмөт башчысынын Кыргызстанга жасаган биринчи расмий сапары экенин айтты.

Президент сүйлөшүүлөр ачык жана конструктивдүү маанайда өткөнүн белгилеп, тараптар саясий диалогду чыңдоо, өкмөттөр жана парламенттер аралык байланыштарды активдештирүү, тышкы иштер министрликтери аркылуу консультацияларды кеңейтүү боюнча макулдашканын билдирди.

Сүйлөшүүлөрдүн негизги темаларынын бири соода-экономикалык кызматташтык болду. Садыр Жапаров Кыргызстанда жүргүзүлүп жаткан реформалар жана инвесторлор үчүн түзүлгөн жагымдуу шарттар тууралуу айтып, грузин тарапты транспорт, логистика, айыл чарба, курулуш, санариптик экономика жана туризм тармактарындагы долбоорлорго активдүү катышууга чакырды.

Президент өзгөчө Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолу менен Грузиянын порттук инфраструктурасын байланыштырууга көңүл бурулганын белгилеп, бул багыт эки өлкөнүн кызматташтыгынын артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин айтты.

Маданий-гуманитардык кызматташтык тууралуу сөз кылган мамлекет башчысы билим берүү, илим, маданият, жаштар саясаты жана спорт тармактарындагы байланыштарды кеңейтүүгө кызыкдар экенин билдирип, грузин спортчуларын быйыл Кыргызстанда өтө турган VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышууга чакырды.

Ошондой эле Садыр Жапаров Грузияга тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүү боюнча Кыргызстандын эл аралык демилгелерин колдогону үчүн ыраазычылык билдирди.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлуп, президент жетишилген макулдашуулар кыргыз-грузин мамилелеринин мындан ары бекемделишине жана эки өлкөнүн элдеринин бакубат жашоосуна кызмат кыларын белгиледи.

 

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар