Министрлер Кабинети автоунаалардын алдыңкы каптал айнектерин караңгылатууга уруксат берүү үчүн алынуучу төлөмдүн баасын убактылуу төмөндөттү. Тиешелүү токтомго Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.
Жеңилдетилген мөөнөт 2026-жылдын 15-июнунан 15-июлуна чейин күчүндө болот. Мындай чечим автоунаа ээлерине уруксат берүүчү документтерди тариздөөдө ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында кабыл алынган.
Бул аралыкта уруксаттын баасы төмөнкүдөй болот:
- Кыргызстандын жараны болгон жеке жактар үчүн — 35 миң сом;
- Юридикалык жактар үчүн — 55 миң сом;
- Чет өлкөлүк жарандар жана резидент эмес адамдар үчүн — 75 миң сом.
Жеңилдетилген мөөнөт аяктагандан кийин, өзүнчө чечим кабыл алынбаса, төлөмдөр мурдагы өлчөмүнө кайтарылат. Токтом 2026-жылдын 15-июнунан тартып күчүнө кирет.



