Башкы беткеКоомМектепте мыйзамсыз акча чогултуу боюнча кылмыш иши козголду

Мектепте мыйзамсыз акча чогултуу боюнча кылмыш иши козголду

Баш калаадагы №24 мектепте мыйзамсыз акча чогултуу фактысы боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу башкы көзөмөл органынын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын прокуратурасы Президенттин “Балдардын мектепте акысыз билим алуу укугун ишке ашырууга мамлекеттик кепилдиктерди камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгында белгиленген талаптардын сакталышы боюнча текшерүү жүрүгүзгөн.

Текшерүүнүн жыйынтыгында аталган билим уясынын жооптуу кызматкерлери ата-энелерден мектепти оңдоп түзөө шылтоосу менен мыйзамсыз 1 131 450 сом чогулканы аныкталган. Каражаттын бир бөлүгү билим берүү мекемесинин кызматкерлеринин биринин үйүндө сакталгандыгы белгилүү болгон.

Аталган факты боюнча кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу беренеси менен кылмыш иши козголуп, учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар