Садыр Жапаров бүгүн, 14-июнда, Ысык-Көл облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Балыкчы – Тамчы – Чолпон-Ата темир жолунун курулушуна капсула салуу аземине катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө мамлекет башчысы долбоор тууралуу маалымат алып, Балыкчы станциясынан «Балыкчы пляж» аялдамасына чейинки темир жол тилкесинде жүргүзүлгөн калыбына келтирүү иштеринин жыйынтыгы менен таанышты. Ошондой эле ал аталган маршрут боюнча темир жол автомотрисасы менен жүрүп өттү.
Узундугу болжол менен 6 чакырымды түзгөн бул темир жол бутагы совет мезгилинде пайдаланылып келген. Кийинчерээк жараксыз абалга келип, эксплуатациядан чыгарылган. Өткөн жылы «Кыргыз темир жолу» улуттук компаниясы тарабынан тилке толук жаңыланып, рельстер менен шпалдар алмаштырылып, кыймылдын коопсуздугун камсыздоо үчүн тосмолор орнотулган.
Өз сөзүндө Президент өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча темир жол аркылуу ташылган жүктүн көлөмү 10 миллион тоннага жеткенин белгиледи. Бул көрсөткүч 2021-жылдагы 7 миллион тоннага салыштырмалуу 36 пайызга көп болуп, өлкөнүн темир жол тарыхындагы эң жакшы көрсөткүчтөрдүн бири болуп саналат.
Ошондой эле темир жол кызматын пайдаланган жүргүнчүлөрдүн саны 2021-жылдагы 255 миң адамдан 2025-жылы 432 миң адамга чейин өсүп, 70 пайыздык өсүш катталган.
Мындай оң динамика тармактын ишмердүүлүгүнүн жакшырганын жана темир жолдун өлкөнүн транспорттук системасындагы ролу кеңейип жатканын көрсөтөт. Натыйжада жарандардын темир жол транспортуна болгон ишеними да артууда.
Президент өз сөзүндө учурда жалпы узундугу 304 чакырымды түзгөн стратегиялык маанидеги Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун курулушу активдүү жүрүп жатканын да белгиледи.
Бул ири долбоордун маанилүү бөлүгү болуп саналган «Макмал» жүк өткөрүү станциясы ар кандай кеңдиктеги темир жол чубалгыларын туташтырууну камсыздап, өлкөнүн негизги логистикалык борборлорунун бирине айланары белгиленди.










