Кыргызстанда боорду трансплантациялоо боюнча алты операция ийгиликтүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештеги «Ала-Тоо» депутаттык тобунун жыйынында саламаттык сактоо министринин орун басары Бакыт Кадыралиев билдирди.
Анын айтымында, өлкөдө боорду алмаштыруу операцияларын өнүктүрүү боюнча иштер улантылып жатат. Ошол эле учурда цирроз менен жабыркаган балдарга трансплантация жүргүзүүдө ресурстардын жетишсиздиги жана инфекциялык көзөмөлдүн жетишсиздиги негизги көйгөйлөрдүн бири бойдон калууда.
Бакыт Кадыралиев Кыргызстанда гепатит менен ооругандардын саны расмий статистикадан кыйла жогору болушу мүмкүн экенин белгиледи. Анын айтымында, учурда расмий каттоодо 75 миң бейтап турса, чыныгы көрсөткүч жарым миллионго чейин жетиши ыктымал.
«Инфекциялык көзөмөлдү күчөтүү зарыл. Ошондо гана бейтаптарды, өзгөчө балдарды трансплантацияга сапаттуу даярдоого мүмкүнчүлүк болот», — деди министрдин орун басары.
Белгилей кетсек, Кыргызстанда боор трансплантациясын өнүктүрүү максатында акыркы жылдары бир катар иштер жүргүзүлдү. Түркиянын алдыңкы медициналык борборлорунда адистер тажрыйба алмашып, Улуттук хирургия борборунун дарыгерлери атайын окуудан өтүшкөн. Ошондой эле операцияларды жүргүзүүгө керектүү заманбап жабдуулар сатылып алынган.
Мындан тышкары, боорду трансплантациялоо багытындагы иштерге дүйнөгө белгилүү трансплантолог, профессор Сергей Готье да эксперттик колдоо көрсөткөн.
Саламаттык сактоо министрлиги келечекте боорду алмаштыруу операцияларынын санын көбөйтүп, мындай жогорку технологиялык медициналык жардамды өлкө ичинде жеткиликтүү кылууну көздөп жатат.



