Пакистан АКШ менен Ирандын ортосунда тынчтык келишими боюнча макулдашуу түзүлгөнүн жана аймактагы, анын ичинде Ливандагы согуштук аракеттерди токтотуу боюнча макулдашууга жетишилгенин билдирди. Пакистандын премьер-министри Шахбаз Шарифтин айтымында, тараптар бардык фронттордо аскердик аракеттерди токтотууга макул болушкан. Ал келишимге кол коюунун расмий аземи 19-июнда Швейцарияда өтөрүн маалымдады.
Шариф ошондой эле сүйлөшүүлөргө ортомчу болгон АКШ, Иран, Катар, Сауд Арабиясы жана Түркияга ыраазычылык билдирди. Анын айтымында, жакынкы күндөрү келишимди ишке ашырууга байланышкан техникалык жолугушуулар өткөрүлөт. Өз кезегинде АКШнын президенти Дональд Трамп дагы макулдашуу аяктаганын билдирип, келишим күчүнө киргенден кийин Ормуз кысыгы кайра ачыларын жана Иранга карата деңиз блокадасы алынарын жарыялады.
Кийинчерээк Трамп журналисттерге берген комментарийинде Ормуз кысыгы келишимге расмий кол коюлгандан кийин ачыларын тактады.
Ал эми Иран тарап дагы келишим боюнча макулдашуу бар экенин ырастаганы менен, документтин конкреттүү шарттары азырынча коомчулукка жарыялана элек.
Саясий серепчилер бул келишим иш жүзүндө аткарылса, Жакынкы Чыгыштагы чыңалуунун төмөндөшүнө жана дүйнөлүк энергетикалык рыноктордун турукташуусуна оң таасирин тийгизерин белгилешүүдө.



