Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Россия Федерациясындагы өкүлчүлүгү багуучусунан ажыраган кыргызстандык жаранга камсыздандыруу төлөмдөрүн алууга көмөк көрсөттү.
Министрликтин маалыматына ылайык, Кыргызстандын жараны Х.А. жардам сурап кайрылгандан кийин өкүлчүлүк Россиянын Социалдык фондунун Москва шаары жана Москва облусу боюнча бөлүмүнө расмий кайрылууларды жөнөтүп, тиешелүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн.
Жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгында 2026-жылдын 10-июнунда жаранга 2 миллион 200 миң рубль өлчөмүндө бир жолку камсыздандыруу төлөмү чегерилди.
Мындан тышкары, каза болгон жарандын үч жашы жете элек баласына багуучусунан ажырагандыгына байланыштуу ай сайын төлөнүүчү камсыздандыруу төлөмү дайындалды. Бул каражаттар балдар бойго жеткенге чейин үзгүлтүксүз төлөнүп турат.
Министрлик чет өлкөлөрдө эмгектенген кыргызстандыктардын социалдык укуктарын коргоо жана мыйзамдуу төлөмдөрдү алуусуна көмөктөшүү иштери улантыларын белгиледи.



