Кыргыз Республикасынын Президентинин «Салык салуу жана салыктык башкаруу системасын өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгына ылайык, ишкердикти колдоого жана салыктык башкарууну жакшыртууга багытталган бир катар жаңы чаралар сунушталды.
Жарлыкка ылайык, ишкерлерге 2026-жылдын 1-октябрына чейин бирдиктүү салык режиминен жалпы салык режимине ыктыярдуу өтүү мүмкүнчүлүгү берилет. Бул бизнес өкүлдөрүнө өз ишмердүүлүгүнө ылайыктуу салык режимин тандап, ишин кеңейтүүгө шарт түзөт.
Мындан тышкары, 2022-жылдагы кыргыз-тажик чек арасындагы окуялардан кийин Баткен облусунда турак жай курган компаниялардын салыктык карыздарын эсептен чыгаруу каралган. Бул чечим социалдык маанидеги долбоорлорду ишке ашырууга салым кошкон ишкерлерди колдоого багытталган.
Документте ошондой эле ишкерлерге 2025-жылдын 1-апрелине чейин мыйзамдаштырылган товардык калдыктар боюнча маалыматтарды тактоо мүмкүнчүлүгү берилери белгиленген. Бул кошумча салыктык эсептөөлөрдүн алдын алууга жардам берет.
Ошондой эле кыймылсыз мүлк салыгын автоматтык эсептөө системасына өтүүгө байланыштуу 2026-жыл үчүн эсептелген туумдарды эсептебөө сунушталууда.
Муну менен катар көмүскө экономиканы кыскартуу жана товарлардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы күрөштү күчөтүү чаралары көрүлөт. Анын алкагында контрабандалык товарларга карата жоопкерчилик күчөтүлүп, айып пулдардын көлөмү товарлардын наркына жараша белгиленет.
Жаңы чаралар ишкерлер үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө, бизнести мыйзамдаштырууга жана өлкөдөгү инвестициялык жагдайды жакшыртууга багытталган.



