Кечээ,15-июнда Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы элчиси Лю Цзянпин менен жолугушту.

Жолугушууда тараптар кыргыз-кытай кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин талкуулап, Шанхай кызматташтык уюмунун алкагында Кыргызстанда өтө турган жогорку деңгээлдеги иш-чараларга даярдык көрүү маселелерине өзгөчө көңүл бурушту.
Тараптар стратегиялык өнөктөштүктү мындан ары чыңдоого жана эки өлкө үчүн маанилүү багыттар боюнча кызматташууну тереңдетүүгө кызыкдар экенин ырасташты.
Ошондой эле Кытайдын элчиси Кыргызстандын 2027–2028-жылдарга Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу эмес мүчөсү болуп шайланышы менен куттуктады. Өз кезегинде Жээнбек Кулубаев өлкөнүн глобалдык коопсуздукту чыңдоого салым кошууга даяр экенин белгиледи.
Жолугушуунун соңунда тараптар жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу жана көп тараптуу иш-чараларды ийгиликтүү өткөрүү үчүн тыгыз диалогду улантууга даяр экенин билдиришти.



