Башкы беткеЭкономикаИДП 12%га өстү: Улуттук статкомдун маалыматы

ИДП 12%га өстү: Улуттук статкомдун маалыматы

2026-жылдын январь–май айларында Кыргызстандын ички дүң өнүмү (ИДП) алдын ала эсептөөлөр боюнча 781,1 млрд сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары Зайнидин Жумалиев билдирди.

Анын маалыматына ылайык, бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 12,2 пайызга өскөн. Мындан тышкары, жылдын алгачкы беш айында өнөр жай продукциясынын көлөмү 374,7 млрд сомго жетти.

Өнөр жайдагы өсүш негизинен металл, тамак-аш азыктары, тазаланган мунай заттары, курулуш материалдары, транспорт каражаттары, жыгач жана кагаз буюмдары, полиграфия, химия жана фармацевтика тармактарындагы өндүрүштүн көбөйүшү менен шартталган.

Беш айдын жыйынтыктары улуттук экономиканын туруктуу өсүү багытын көрсөтүп, эл аралык каржы институттарынын орто мөөнөттүү божомолдорунан жогору экенин айгинелейт.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар