Башкы беткеЭкономикаМамлекеттик баалуу кагаздарды телефондон сатып алуу мүмкүн болот

Мамлекеттик баалуу кагаздарды телефондон сатып алуу мүмкүн болот

Финансы министрлиги калк үчүн мамлекеттик казына облигацияларынын пилоттук чыгарылышын ишке киргизет. Долбоор Министрлер Кабинетинин чечиминин негизинде ишке ашырылып, баалуу кагаздарды жайгаштыруу жана жүгүртүү боюнча сооданы Кыргыз фондулук биржасы уюштурат.

Долбоордун максаты — мамлекеттик баалуу кагаздар рыногун жарандар үчүн жеткиликтүү кылуу, финансылык сабаттуулукту жогорулатуу жана инвестициялоо маданиятын өнүктүрүү. Мамлекеттик казына облигациялары 2 жылдык мөөнөткө чыгарылат. Бир облигациянын номиналдык баасы 100 сомду түзүп, минималдуу сатып алуу суммасы 1000 сомдон башталат. Жалпы чыгарылыш көлөмү 500 миллион сом деп белгиленген.

Облигациялар боюнча кирешелүүлүк жылына 17 пайызды түзөт. Пайыздык төлөмдөр квартал сайын жүргүзүлүп, негизги каражат мөөнөт аяктаганда толугу менен кайтарылат.

Мисалы, 100 миң сомдук облигация сатып алган жаран эки жыл ичинде жалпысынан 34 миң сом киреше алып, ар үч ай сайын 4 миң 250 сомдон алып турат. Эки жылдын соңунда салынган 100 миң сом толугу менен кайтарылат.

Пилоттук долбоордун негизги өзгөчөлүгү — мамлекеттик баалуу кагаздарды MegaPay мобилдик тиркемеси аркылуу онлайн сатып алуу мүмкүнчүлүгү. Мындан ары жарандар каалаган убакта смартфон аркылуу инвестиция жасап, туруктуу киреше ала алышат.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар