Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов Президенттин жарлыгы менен креативдүү экономика өкүлдөрүнө берилген салык жеңилдиктеринин негизги максатын түшүндүрдү.
Анын айтымында, бул чечим бүгүнкү кирешеге эмес, келечектеги өсүшкө багытталган. Президент блогерлерди, IT-адистерди, стартаптарды, киноиндустрия өкүлдөрүн жана контент жаратуучуларды колдоо аркылуу келечекте ири компаниялардын жана жаңы жумуш орундарынын түзүлүшүнө шарт түзүүнү көздөйт.
Шыкмаматов белгилегендей, учурда айрым блогерлер салыктан бошотуунун зарылдыгы жок экенин айтышууда. Бирок мамлекет бүгүнкү абалды эмес, бир нече жылдан кийинки натыйжаны карап жатат. Анын пикиринде, бүгүнкү жалгыз блогер эртең өзүнүн журналисттери, операторлору, монтажёрлору жана маркетологдору бар толук кандуу медиа-компанияга айланышы мүмкүн.
Ошондой эле ал буга чейин IT-компанияларга да күмөн саноо болгонун, бирок азыр алар көптөгөн өлкөлөрдүн экономикасынын негизги кыймылдаткыч күчүнө айланганын эске салды.
Салык кызматынын төрагасынын айтымында, мамлекеттин максаты — жаратмачыл жана инновациялык тармактардын өнүгүшүнө тоскоол болбостон, алардын өсүшүнө мүмкүнчүлүк берүү. Анткени күчтүү экономика жаңы идеяларды жаратып, жаңы продуктыларды сунуштаган адамдардан башталат.



