Башкы беткеПрезидентБонн конференциясында мөңгүлөрдү сактоо маселеси талкууланды

Бонн конференциясында мөңгүлөрдү сактоо маселеси талкууланды

Германиянын Бонн шаарында өтүп жаткан БУУнун Климаттын өзгөрүшү боюнча алкактык конвенциясынын алкагындагы жыйында Кыргызстандын делегациясы тоолуу өлкөлөрдүн кызыкчылыктарын коргоо боюнча активдүү иштерди жүргүзүүдө.

12-июнда Кыргызстандын демилгеси менен Эл аралык тоолор жана климаттын өзгөрүшү боюнча диалог өтүп, ага 30дан ашык өлкөнүн өкүлдөрү катышты. Жолугушууда мөңгүлөрдү сактоо, тоолуу аймактарды климаттык өзгөрүүлөргө ыңгайлаштыруу жана климаттык каржылоого жеткиликтүүлүктү кеңейтүү маселелери талкууланды.

Ошондой эле Кыргызстан, Андорра, Непал жана Бутан тарабынан уюштурулган иш-чарада тоолуу аймактардын климаттык туруктуулугун жогорулатуу боюнча демилгелер сунушталды.

Мындан тышкары, Кыргызстандын делегациясы COP31 төрагалыгы менен консультация өткөрүп, тоо күн тартибин эл аралык деңгээлде алдыга жылдыруу маселелерин талкуулады. Ошондой эле Кыргыз-Корея климаттык кызматташтык боюнча биргелешкен комитетинин алгачкы жыйыны өтүп, биргелешкен экологиялык долбоорлор боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү.

Жолугушууларда өнөктөштөргө Бишкекте өтө турган “Бишкек+25” Экинчи Глобалдык тоо саммити тууралуу маалымат берилди.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар