Башкы беткеМинистрлер кабинетиКүн электр станцияларын улуттук тармакка кошуу иштери жигердүү жүрүүдө

Күн электр станцияларын улуттук тармакка кошуу иштери жигердүү жүрүүдө

Өлкөнүн кайра жаралуучу энергия булактарын өнүктүрүү багытындагы ири долбоорлордун алкагында Ысык-Көл облусунда курулуп жаткан күн электр станцияларын улуттук электр тармагына кошуу иштери жигердүү жүрүүдө. Бул тууралуу энергетика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 15-июнда энергетика министри Алтынбек Рысбеков аталган объектилердин курулуш аянтчасына барып, 300 МВт кубаттуулуктагы «Бишкек Солар» жана 400 МВт кубаттуулуктагы “Фортис Кей джи” күн электр станцияларынын улуттук тармакка кошулуу инфраструктурасынын абалы менен таанышып чыкты.

Аталган долбоорлордун алкагында электр станциялардан өндүрүлгөн энергияны «Ысык-Көл» көмөк чордонго берүү үчүн 220 кВ аба электр берүү линиясы аркылуу туташтыруу иштери жүргүзүлүүдө. Ошондой эле 220 кВ ачык бөлүштүрүүчү түзүлүштү (ОРУ-220 кВ) куруу иштери уланып жатат. Учурда порталдардын пайдубалдары даярдалып, 220 кВ өчүргүчтөрдү жана ажыраткычтарды орнотуу үчүн техникалык иштер аткарылып жатат.

Мындан тышкары, «Ысык-Көл» көмөк чордонунун аймагы кеңейтилип, күн электр станцияларынан өндүрүлгөн электр энергиясын кабыл алуу жана тармакка берүү үчүн зарыл болгон инфраструктуралык шарттар түзүлдү. Долбоорлорду ишке ашыруу боюнча бардык техникалык жана уруксат берүүчү документтер толугу менен таризделген.

Министр Алтынбек Рысбеков курулуш иштеринин сапатына жана мөөнөттөрдүн так аткарылышына өзгөчө көңүл буруу зарылдыгын белгилеп, тиешелүү тараптарга объекттерди белгиленген графикке ылайык, сапат стандарттарын сактоо менен өз убагында аяктоо тапшырмасын берди.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар