Башкы беткеЭкономика600гө жакын кен казууга уруксат берүү токтотулду

600гө жакын кен казууга уруксат берүү токтотулду

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги жер казынасын пайдаланууга мурда берилген бардык лицензияларды инвентаризациялап, лицензиялык макулдашуулардын аткарылышын текшерди.

Министрликтин маалыматына ылайык, учурда өлкөдө жер казынасын пайдаланууга 2 миңге жакын лицензия берилген. Текшерүүнүн жүрүшүндө лицензиялык талаптарды бузган 836 учур аныкталды.

Аныкталган мыйзам бузууларды жоюу жана тармакта тартипти күчөтүү максатында 600гө жакын лицензиянын аракети убактылуу токтотулуп, алардын айрымдары толугу менен жокко чыгарылды.

Эң көп кездешкен мыйзам бузуулар катары рекультивациялык эсептер жана банктык реквизиттер боюнча маалыматтарды бербөө, бонус төлөмдөрүн өз убагында төлөбөө, лицензиялардын мөөнөтүнүн өтүп кетиши жана лицензиялык талаптарды сактабаган башка учурлар белгиленди.

Министрликке караштуу «Кыргыз геология кызматы» мамлекеттик мекемесине жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү мыйзамдардын сакталышын көзөмөлдөө иштерин улантуу жана аныкталган ар бир мыйзам бузуу боюнча тиешелүү чараларды көрүү тапшырылды.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар