“Кыргызалтын” ачык акционердик коому Монголиядан алынган алтын камтыган чийки затты кайра иштетүү боюнча өлкө тарыхындагы биринчи долбоорду ийгиликтүү ишке ашырды.
Ишкананын маалыматына ылайык, даяр продукция дүйнөлүк рынокто “Good Delivery” статусу менен сатылып, анын жалпы кирешеси 12 миллион АКШ долларынан ашты.
“Кыргызалтын” компаниясы эл аралык LBMA аккредитациясына ээ экенин белгилеп, бул ишканада өндүрүлгөн алтындын сапаты жана келип чыгышын көзөмөлдөө системасы эң жогорку эл аралык талаптарга жооп берерин билдирди.
Мунун аркасында ишкана дүйнөлүк баалуу металлдар рыногунда Европа өлкөлөрүндөгү алдыңкы аффинаж заводдору менен тең атаандашып иш алып барууда.
Компаниянын билдирүүсүндө, долбоор “Кыргызалтындын” заманбап өндүрүштүк кубаттуулукка, технологиялык мүмкүнчүлүктөргө жана эл аралык деңгээлдеги абройго ээ экенин дагы бир жолу тастыктаганы белгиленет. Бул чет өлкөлүк өнөктөштөр үчүн чийки затты кайра иштетүү жана 999,9 үлгүсүндөгү жогорку сапаттагы алтын өндүрүү кызматын көрсөтүүгө мүмкүндүк берет.



