Башкы беткеЭкономикаКыргызстанда улуттук такси агрегатору жана электромобилдер инфраструктурасы түзүлөт

Кыргызстанда улуттук такси агрегатору жана электромобилдер инфраструктурасы түзүлөт

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинде Кыргыз Республикасынын Улуттук инвестициялык фонду менен кытайлык Shenzhen Wuyou Technology Co., Ltd. компаниясынын ортосунда инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча үч алкактык макулдашууга кол коюлду.

Макулдашуулар Кыргызстандын аймагында улуттук такси агрегаторун түзүүнү, заманбап электромобилдер паркын өнүктүрүүнү жана электр унаалары үчүн заряддоо станцияларынын тармагын курууну камтыйт.

Кол коюу аземине экономика жана коммерция министринин орун басары Беназир Нурланова жана Улуттук инвестициялык фонддун башкы директору Уран Темирбеков катышты.

Тараптар белгилегендей, долбоорлор транспорт тармагын санариптештирүүгө, экологиялык жактан таза транспортту өнүктүрүүгө жана өлкөгө инвестицияларды тартууга багытталган. Ошондой эле бул демилгелер «жашыл» экономиканы өнүктүрүүгө жана заманбап технологияларды жайылтууга өбөлгө түзөт.

Кытайлык компания өз кезегинде Кыргызстан менен узак мөөнөттүү кызматташууга, тажрыйба жана технологиялар менен бөлүшүүгө даяр экенин билдирип, электр транспорту жана санариптик инфраструктура тармагындагы биргелешкен долбоорлордун келечеги жогору экенин белгиледи.

Алкактык макулдашуулар кыргыз-кытай инвестициялык кызматташтыгын кеңейтүүнүн дагы бир кадамы болуп, алдыдагы инвестициялык келишимдерди даярдоого жана долбоорлорду практикалык ишке ашырууга негиз түздү.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар