Башкы беткеМаданиятТеатралдык окуу жайга Бообек Ибраевдин ысымы ыйгарылды

Театралдык окуу жайга Бообек Ибраевдин ысымы ыйгарылды

Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын алдындагы Театралдык окуу жайга Кыргыз Республикасынын Эл артисти, белгилүү режиссёр жана педагог Бообек Ибраевдин ысымы ыйгарылды.

Бул тууралуу 2025–2026-окуу жылындагы бүтүрүүчүлөрдүн дипломдук «Бетме-бет» спектаклинин көрсөтүүсү учурунда белгилүү болду. Иш-чарага Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Союзбек Надырбеков, театр ишмерлери, окутуучулар, студенттер жана маданият өкүлдөрү катышты.

Союзбек Надырбеков аталган чечим Бообек Ибраевдин кыргыз театр искусствосун өнүктүрүүгө, улуттук сахна маданиятын калыптандырууга жана кесипкөй театр адистерин даярдоого кошкон зор салымын даңазалоо максатында кабыл алынганын белгиледи.

Ошондой эле ал бүтүрүүчүлөрдү окуусун ийгиликтүү аякташы менен куттуктап, улуттук театр өнөрүнүн мыкты салттарын улантып, кыргыз маданиятынын өнүгүшүнө татыктуу салым кошууга чакырды.

Бообек Ибраев кыргыз театр өнөрүнүн көрүнүктүү өкүлдөрүнүн бири катары көптөгөн таланттуу актерлорду тарбиялап, улуттук сахна искусствосунун өнүгүшүнө чоң салым кошкон.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар