Башкы беткеКоомБишкекте суу инфраструктурасын модернизациялоонун экинчи этабы аяктады

Бишкекте суу инфраструктурасын модернизациялоонун экинчи этабы аяктады

Бишкекте Швейцария Конфедерациясынын Өкмөтү жана Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ) колдоосу менен ишке ашырылган «Бишкек шаарын суу менен камсыздоо жана канализация тутумдарын реабилитациялоо» долбоорунун экинчи этабы ийгиликтүү аяктады.

Бишкек мэриясынын маалыматына ылайык, долбоорго жалпы 16 миллион евро инвестиция тартылып, анын жарымы насыя, жарымы грант түрүндө каржыланган.

Долбоордун алкагында «Орто-Алыш» суу алуу жайында 35 жаңы скважина пайдаланууга берилди. Ошондой эле 3,2 чакырым магистралдык суу түтүгү, 11 чакырым канализациялык коллектор курулуп, суу жана саркынды суунун сапатын көзөмөлдөө үчүн заманбап лабораториялык жабдуулар орнотулду.

Мындан тышкары, үнөмдөлгөн 3,6 миллион евро каражаттын эсебинен Бишкектин түштүк бөлүгүндө 2,6 чакырым суу түтүгү жана 4,9 чакырым канализациялык тармак курулду. Ошондой эле «Бишкексууканал» ишканасына 108 даана жабдуу жана 4 атайын техника сатылып алынды.

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев долбоор борбор калааны ичүүчү суу менен камсыздоо системасынын ишенимдүүлүгүн жогорулатып, инженердик инфраструктураны чыңдоого өбөлгө түзгөнүн белгиледи.

Долбоордун жыйынтыгында суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу системалары жаңыланып, коммуналдык кызматтардын сапатын жакшыртууга шарт түзүлдү.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар