Бүгүн, 16-июнда Ош шаарында мектептик тамактануу системасын өнүктүрүүгө багытталган Түштүк компетенциялар борборунун расмий ачылышы болуп өттү. Борбор Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги жана өнөктөш уюмдардын колдоосу менен түзүлдү.

Жаңы борбор Ош мамлекеттик университетинин алдындагы №12 кесиптик лицейдин базасында ачылып, мектептердин жана бала бакчалардын тамак-аш блокторунда иштеген кызматкерлерди окутууга, квалификациясын жогорулатууга жана кесиптик сертификациядан өткөрүүгө багытталат.
Борбордо адистер заманбап тамак даярдоо технологияларын, санитардык-гигиеналык талаптарды, азык-түлүк коопсуздугун, рацион түзүү жана коомдук тамактанууну уюштуруу боюнча жаңы стандарттарды өздөштүрүшөт.
Агартуу министрлиги белгилегендей, мектептик тамактануунун сапатын жакшыртуу мамлекеттин артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналат. Ушуга байланыштуу 2027-жылдын 1-январынан тартып окуучулардын тамактануусуна бөлүнгөн каражаттын көлөмү бир балага күнүнө 14 сомдон 40 сомго чейин көбөйтүлөт.
Түштүк компетенциялар борбору өлкөнүн түштүк аймактарындагы адистер үчүн окутууга жеткиликтүүлүктү кеңейтип, мектептик тамактануунун сапатын жогорулатууга өбөлгө түзөт.

Долбоор Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги, БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы жана Россия Федерациясынын Тармактык тамактануу институтунун колдоосу менен ишке ашырылды.
Адистердин айтымында, борбордун ишке кириши балдардын сапаттуу жана коопсуз тамактануусун камсыздоого, ошондой эле билим берүү мекемелеринде бирдиктүү стандарттарды жайылтууга жардам берет.



