Башкы беткеЭкономикаF1H2O чемпионаты Ысык-Көлдүн туристтик имиджин жогорулатат

F1H2O чемпионаты Ысык-Көлдүн туристтик имиджин жогорулатат

Ысык-Көлдө өтө турган UIM F1H2O дүйнөлүк чемпионаты учурунда 10 миңден ашык адамдын келиши күтүлүүдө. Бул тууралуу маалымат жыйынында Туризмди өнүктүрүү мамлекеттик агенттигинин директору Эдуард Кубатов билдирди.

Анын айтымында, мынчалык чоң сандагы конокторду жайгаштыруу маселеси учурда негизги көйгөйлөрдүн бири болууда. Буга байланыштуу Чолпон-Ата шаары, Сары-Ой, Бостери жана Бает айылдарындагы мейманканалар менен коттедждер толугу менен алдын ала брондолгон.

Кубатов бул эл аралык мелдеш Кыргызстанда жыл сайын өткөрүлүшү пландалып жатканын белгиледи. Ал эми кийинки жылы экологиялык таасирин азайтуу максатында электр жана гибриддик болиддер катышкан форматтагы жарыш уюштурулары айтылды.

Ошондой эле ал экологияга байланыштуу бардык жоопкерчиликти жеке өзүнө алаарын билдирип, эгер олуттуу терс таасирлер болсо, долбоор токтотулушу мүмкүн экенин кошумчалады.

Чемпионат 2026-жылдын 31-июлунан 2-августуна чейин өтөт. Билет баасы бир күнгө 100 доллар, үч күнгө 200 доллар болуп белгиленген. VIP-билеттер толугу менен сатылып кеткен.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар