Кыргызстандын жана Израилдин окумуштуулары эки өлкөнүн интеллигенциясынын байланыштарын биргелешип изилдөөгө ниеттенүүдө.
“Кыргыз Туусу” маалымат-басма үйү менен Тель-Авив жана Иерусалим университеттеринин окумуштуулар тобу аталган тема боюнча биргелешкен изилдөөлөрдү жүргүзүүнүн жагдайларын талкуулашты.
“Кыргыз Туусу” жалпы улуттук гезитинин башкы редактору Алмаз Кулматов, “Ала-Тоо” адабий-көркөм журналынын башкы редактору Маркабай Ааматов жана “Кут билим” медиа борборунун башкы директору Кубатбек Чекиров Изралилдин окумуштуулар тобу менен жолугушууда тарыхый байланыштарды, жаңы доордогу илимий жана чыгармачыл кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулап, илимий жана чыгармачыл мекемелер ортосунда кызматташтыкты чыңдоонун маанисин баса белгилешти. Тель-Авив университетинин профессору Вера Каплан, Иерусалим университетинин профессорлору Семион Голдин, Михал Биран, Рейвенн Амитал, Михаель Шенкар жанга Иерусалим университетинин докторанты Кундуз Ниязова бир нече күн бою Кыргызстанда болуп, тарыхый жерлерди кыдырышмакчы.
“Кыргыз Туусу” жалпы улуттук гезитинин башкы редактору Алмаз Кулматов кыргыз-еврей интеллигенциясынын өтмө-катар байланыштары тереңде экенин белгилеп, азыркы доордогу илимий жана чыгармачыл байланыштарды чыңдоо боюнча бир катар сунуштарды берди.
Еврей окумуштуулары Кыргызстандын тарыхчы, археолог, этнограф окумуштуулар менен да жолугуп, болочоктогу илимий долбоорлорду, бирглешкен изилдөөлөрдү жүргүзүү маселелерин талкуулашмакчы.
Вера БЕДЕЛБЕК, «Кыргыз Туусу»



