Бүгүн, 16-июнда Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков Пакистан Ислам Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Алтамаш Вазир Хан менен жолугушуу өткөрдү.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун 2025-жылдын 3–4-декабрында Пакистанга жасаган мамлекеттик сапарынын алкагында жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу маселелерин талкуулашты. Ошондой эле сапардын жыйынтыгында кол коюлган эки тараптуу келишимдер менен меморандумдардын аткарылышына өзгөчө көңүл бурулду.
Тараптар кыргыз-пакистан соода-экономикалык кызматташтыгынын учурдагы абалын жана аны өнүктүрүүнүн келечектүү багыттарын карап чыгышты. Анын ичинде өз ара соода жүгүртүүнү көбөйтүү, экспорттук-импорттук операцияларды кеңейтүү жана эки өлкөнүн экономикалык потенциалын натыйжалуу пайдалануу маселелери талкууланды.
Мындан тышкары, транспорттук-логистикалык кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча пикир алмашуу болду. Тактап айтканда, Кыргызстандын экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү максатында Пакистандын деңиз портторун пайдалануу жана транзиттик ташууларды өнүктүрүү боюнча кызматташууну күчөтүү маселелери каралды.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар кыргыз-пакистан мамилелерин мындан ары бекемдөөгө жана соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө өз ара кызыкдар экендиктерин ырасташты.



