Ош – Кара-Суу унаа жолун реконструкциялоо иштери графикке ылайык уланууда. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, долбоордун алкагында жалпы узундугу 18,69 чакырым болгон жол толугу менен жаңыланып, заманбап талаптарга ылайык курулууда. Реконструкция аяктагандан кийин жол төрт тилкелүү болуп, анын туурасы айрым тилкелерде 15 метрден 22 метрге чейин кеңейтилет.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо максатында туурасы 3 метр болгон жөө жүргүнчүлөр жана велосипедчилер үчүн өзүнчө жол салынууда. Ошондой эле жолдун эки тарабы толук жарыктандыруу системасы менен камсыздалат.
Долбоордо коопсуздукка өзгөчө көңүл бурулган. Анын алкагында жолдун 7 чакырымдык бөлүгүнүн ортосуна туурасы 4 метр болгон бетон тосмолор (барьерлер) орнотулат. Мындан тышкары, унаа агымы эң көп болгон жолдун баштапкы 0–2 чакырым аралыгы алты тилкелүү болуп курулат.
Учурда объектте 122 жумушчу жана 117 даана атайын техника иштеп жатат. Министрликтин маалыматы боюнча, бүгүнкү күнгө чейин курулуш иштеринин 30 пайызы бүткөрүлдү.
Белгилей кетсек, Ош – Кара-Суу жолу өлкөнүн түштүгүндөгү эң маанилүү транспорттук каттамдардын бири болуп саналат. Долбоор ишке ашкандан кийин жолдун өткөрүү мүмкүнчүлүгү жогорулап, айдоочулар үчүн ыңгайлуу жана коопсуз шарттар түзүлөт. Ошондой эле бул аймактын транспорттук-логистикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө жана экономикалык активдүүлүктү жогорулатууга өбөлгө түзөт.



