Башкы беткеКоомБаткенде коррупцияга каршы күрөш жана санариптик коопсуздук маселелери талкууланды

Баткенде коррупцияга каршы күрөш жана санариптик коопсуздук маселелери талкууланды

Баткен облусунун прокуратурасы коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча Координациялык кеңештин кезектеги жыйыны жана санариптик трансформация менен киберкоопсуздук маселелерине арналган ведомстволор аралык ыкчам кеңешме өткөрдү.

Иш-чарага укук коргоо органдарынын, фискалдык кызматтардын, мамлекеттик мекемелердин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү катышты.

Жыйындын жүрүшүндө жергиликтүү деңгээлде орун алып жаткан коррупциялык көрүнүштөрдү алдын алуу жана жоюу боюнча чаралар талкууланды. Өзгөчө жер мамилелери тармагында мыйзам талаптарын бузууга жол берген кызмат адамдарынын жоопкерчилигин күчөтүү, коррупциялык укук бузууларды өз убагында аныктоо жана мамлекеттик комиссиялардын ишине мыйзамсыз кийлигишүүлөргө бөгөт коюу маселелерине көңүл бурулду.

Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024–2028-жылдарга карата санариптик трансформация концепциясынын аткарылышы боюнча өзүнчө кеңешме өткөрүлдү. Анда укук коргоо органдарында санариптик чечимдерди киргизүү, маалыматтык коопсуздукту камсыз кылуу жана киберкоркунучтарга каршы аракеттенүү маселелери каралды.

Кеңешменин катышуучулары экономикалык контрабанданын мамлекетке тийгизген зыянын жана киберкылмыштардын көбөйүү себептерин талдап чыгышты. Жыйынтыгында алдын алуу иштерин күчөтүү, заманбап технологияларды колдонуу, маалыматтык коопсуздукту бекемдөө жана кызматкерлердин кесиптик даярдыгын жогорулатуу боюнча бир катар тапшырмалар берилди.

Облустук прокуратура мындай иш-чаралар мамлекеттик органдардын ишиндеги ачык-айкындуулукту жогорулатууга, коррупциялык тобокелдиктерди азайтууга жана санариптик коопсуздукту камсыздоого багытталганын белгиледи.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар