Президент Садыр Жапаров кыргызстандыктарды мамлекеттик баалуу кагаздарга инвестиция салууга чакырды. Мамлекет башчысынын айтымында, Министрлер Кабинети калк үчүн жылдык 17 пайыздык киреше алып келүүчү мамлекеттик баалуу кагаздарды жайгаштырды.
Эми жарандар бул баалуу кагаздарды «MegaPay» мобилдик тиркемеси аркылуу онлайн режиминде оңой сатып ала алышат. Бул үчүн банкка же башка финансылык мекемелерге барып, кошумча документтерди толтуруунун зарылдыгы жок.
Президент белгилегендей, инвестицияланган каражат эки жылдан кийин толугу менен кайтарылат. Ошол эле учурда жарандар жыл сайын 17 пайыз өлчөмүндө киреше алып турушат. Пайыздык төлөмдөр ар үч ай сайын жүргүзүлөт.
Мисал катары, 100 миң сомдук мамлекеттик баалуу кагаз сатып алган жаран эки жыл ичинде жалпы 34 миң сом киреше табат. Натыйжада мөөнөт аяктаганда анын салган каражаты 134 миң сомду түзөт.
Мамлекет башчысы мамлекеттик баалуу кагаздардын кирешелүүлүгү көпчүлүк банктык депозиттерге караганда жогору экенин белгиледи. Ошондой эле жакын арада баалуу кагаздарды кайра сатуу мүмкүнчүлүгү да ишке киргизилери маалымдалды.
Садыр Жапаров мамлекеттик баалуу кагаздар мамлекет тарабынан кепилденген эң ишенимдүү инвестициялык инструменттердин бири экенин белгилеп, жарандарды бул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүгө салым кошууга чакырды.




