«Бишкек жылуулук электр борбору» мамлекеттик ишканасында 2026/2027-жылдардын күз-кыш мезгилине карата пландуу оңдоо жана даярдык иштери уланууда. Бул тууралуу энергетика тармагынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жүргүзүлүп жаткан иштер борбор калаанын тургундарын жылуулук жана электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыздоого, ошондой эле кыш мезгилиндеги жогорку жүктөмдөргө энергетикалык жабдуулардын даярдыгын жогорулатууга багытталган.
Оңдоо өнөктүгүнүн алкагында станциянын негизги жана көмөкчү жабдуулары, ошондой эле өндүрүштүк имараттар менен курулмалар жаңыланып, техникалык тейлөөдөн өткөрүлүүдө. Бекитилген графикке ылайык, быйыл №12, №14 жана №23 откана агрегаттарына орточо оңдоо жүргүзүлөт. Мындан тышкары, №16 откана агрегаты учурдагы оңдоодон өткөрүлүүдө.
Турбиналык жабдуулар боюнча №5, №8, №9, №10 жана №11 турбиналык агрегаттарда учурдагы оңдоо иштери жүргүзүлөт. Ошондой эле 2025-жылы башталган №7 турбиналык агрегаттын капиталдык оңдоосу быйыл аяктайт. Мындан сырткары, №3 жана №4 энергетикалык блокторду учурдагы оңдоодон өткөрүү жана жылуулук берүүчү жабдууларды жаңылоо иштери да пландалган.
Учурда бардык иштер өндүрүштүк пландарга жана белгиленген мөөнөттөргө ылайык жүргүзүлүп жатат. Адистердин айтымында, оңдоо өнөктүгүнүн өз убагында жана сапаттуу аткарылышы алдыдагы күз-кыш мезгилинен туруктуу өтүүгө жана борбор калаанын энергетикалык коопсуздугун камсыздоого мүмкүндүк берет.



