Башкы беткеКоомБишкекте автобус айдоочуларынын айлыгы жогорулайт

Бишкекте автобус айдоочуларынын айлыгы жогорулайт

Бишкекте муниципалдык автобустарда накталай төлөм алынгандан кийин айдоочулардын айлыгы 30 пайызга жогорулатылат. Бул тууралуу шаардык кеңештин туруктуу комиссиясынын жыйынында вице-мэр Рамиз Алиев билдирди.

Анын айтымында, айдоочулар арасында талаш-тартыштардын жана жол эрежелеринин бузулушунун негизги себептеринин бири накталай төлөмдөн түшкөн кошумча киреше болуп саналат.

“Айдоочулар көбүрөөк жүргүнчү алуу үчүн бири-бирин озуп өтүп, жол кырсыктарына себеп болуп, айрым учурда каттамдан да чыгып кетишет. Ошондуктан автобустарда накталай төлөмдү алып салууну көздөп жатабыз. Мунун ордуна алардын айлыгы 30 пайызга көбөйтүлөт”, — деди Рамиз Алиев.

Эске салсак, Бишкекте муниципалдык автобустарда жол кирени накталай төлөө 2026-жылдын 1-июлунан тартып токтотулат.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар