Башкы беткеМаданиятКөрүүчүлөр «Чолпонум» мюзиклин суктануу менен көрүштү

Көрүүчүлөр «Чолпонум» мюзиклин суктануу менен көрүштү

16-июнда Бишкек шаарындагы Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында Кыргыз Республикасынын эл артисти, белгилүү дастанчы-композитор Жолболду Алибаевдин 80 жылдык мааракесине арналган «Чолпонум» мюзикли ийгиликтүү көрсөтүлдү.

Рыспай Абдыкадыров атындагы Ош облустук филармониясынын чыгармачыл жамааты сахналаган чыгарма борбор калаанын көрүүчүлөрү тарабынан чоң кызыгуу менен кабыл алынып, зал көрүүчүлөргө толду.

Мюзиклде сүйүү, сагыныч, тагдыр жана адамдык асыл сезимдер улуттук обондор менен айкалышып, көрүүчүлөргө өзгөчө таасир калтырды. Чыгарма кыргыз музыкалык өнөрүнүн көркөм мүмкүнчүлүктөрүн дагы бир жолу даңазалады.

«Чолпонум» мюзиклинин режиссёру — Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Нурлан Мендебаиров, либреттонун автору — Назгүл Рыскул кызы, ал эми башкы дирижёру — Илгиз Абдылдаев.

Мюзиклдин кезектеги көрсөтүүсү 17-июнда дагы Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында өтөт. Уюштуруучулар өнөр сүйүүчүлөрдү улуттук музыкалык искусствонун өзгөчө үлгүсүнө күбө болууга чакырышат.

 

 

 

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар