Башкы беткеМаданиятАкылгөйлөр Айтматовдун рухуна таазим этишти

Акылгөйлөр Айтматовдун рухуна таазим этишти

Ысык-Көл эл аралык форумуна катышуу үчүн Кыргызстанга келген дүйнөгө белгилүү акылгөйлөр, жазуучулар, окумуштуулар жана маданият өкүлдөрү 18-июнда таң эрте «Ата-Бейит» улуттук тарыхый-мемориалдык комплексине барып, улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун рухуна таазим кылышты.

Зыяратка Нобель сыйлыгынын лауреаты Мо Янь, белгилүү кытай жазуучусу Ван Мың, Азербайжандын залкар калемгери Анар Рзаев, британдык тарыхчы жана окумуштуу Питер Франкопан, италиялык атактуу архитектор Лаура Перетти жана дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнөн келген башка көрүнүктүү интеллектуалдар катышты.

Коноктор Чыңгыз Айтматовдун бейитине гүл коюп, анын адамзаттын руханий өнүгүүсүнө кошкон зор салымын эскеришти. Андан соң өткөн митинг-реквиемде сөз сүйлөгөн катышуучулар Айтматовдун чыгармалары улуттук алкак менен гана чектелбестен, жалпы адамзаттык баалуулуктарды даңазалаганын белгилешти.

Алардын айтымында, жазуучунун адилеттүүлүк, гуманизм, адам менен табияттын байланышы, руханий жоопкерчилик тууралуу көтөргөн идеялары бүгүнкү күндө дагы өз актуалдуулугун жоготкон жок. Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылык мурасы дүйнө элдерин жакындаштырып, маданияттар ортосундагы диалогду өнүктүрүүгө кызмат кылып келет.

Иш-чаранын катышуучулары кыргыз элинин улуу уулунун мурасы келечек муундар үчүн да баалуу руханий казына бойдон каларын белгилешти.

Белгилей кетсек, Ысык-Көл эл аралык форуму дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнөн келген белгилүү ойчулдарды, окумуштууларды жана маданият өкүлдөрүн бириктирип, глобалдык өнүгүү, руханий баалуулуктар жана адамзаттын келечеги тууралуу маселелерди талкуулоого арналган маанилүү эл аралык аянтча болуп саналат.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар