Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын Башкы прокуратураларынын ортосундагы 2024–2026-жылдарга карата кызматташуу программасынын алкагында «Кылмыштуулукка каршы аракеттенүүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу» темасында тегерек стол өттү.
Иш-чарага эки өлкөнүн прокуратура органдарынын өкүлдөрү, ошондой эле Өзбекстандын Башкы прокуратурасынын алдындагы Мажбурлап аткаруу бюросунун жана Кыргызстандын Башкы прокуратурасынын алдындагы Сот аткаруу кызматынын жетекчилери менен адистери катышты.
Жолугушуунун жүрүшүндө кылмыш жолу менен алынган активдерди кайтаруу, киберкылмыштуулукка каршы күрөшүү, сот чечимдерин аткаруу системасын өркүндөтүү жана укук коргоо органдарынын өз ара кызматташтыгын күчөтүү маселелери кеңири талкууланды.
Катышуучулар заманбап чакырыктарга каршы күрөшүүдө эл аралык жана аймактык кызматташтыктын мааниси жогору
экенин белгилешип, тажрыйба алмашуу эки өлкөнүн укук коргоо системаларынын ишинин натыйжалуулугун арттырууга өбөлгө түзөрүн белгилешти.
Тегерек столдун жыйынтыгында тараптар кыргыз-өзбек кызматташтыгынын жогорку деңгээлин белгилеп, кылмыштуулукка каршы күрөшүү, киберкоопсуздукту камсыздоо жана аткаруу өндүрүшү тармагындагы өз ара аракеттенүүнү мындан ары да кеңейтүүгө даяр экендиктерин билдиришти.
Иш-чара эки мамлекеттин прокуратура органдарынын ортосундагы өнөктөштүктү бекемдөөгө жана аймактагы коопсуздукту камсыздоого багытталган кызматташуунун маанилүү аянтчасы болду.




