Бишкекте Улуттук жазуучулар союзу менен Кытай Жазуучулар ассоциациясынын өкүлдөрүнүн расмий жолугушуусу өтүп, эки тарап кызматташуу тууралуу макулдашууга кол коюшту. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги кабарлады.
Маалыматка ылайык, Кытай делегациясынын курамында адабият боюнча Нобель сыйлыгынын лауреаты Мо Янь да болду. Жолугушууда кыргыз-кытай адабий байланыштарын кеңейтүү, жазуучулардын өз ара сапарларын уюштуруу, адабий чыгармаларды которуу жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу маселелери талкууланды.
Макулдашууга Кыргызстандын Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Каныбек Иманалиев жана Кытай Жазуучулар ассоциациясынын төрагасы Чжан Хунсэн кол коюшту.
Тараптар кол коюлган документ эки өлкөнүн адабий жана маданий кызматташтыгын мындан ары өнүктүрүүгө өбөлгө түзөрүнө ишеним билдиришти.



