Башкы беткеМаданиятСадыр Жапаров менен Байрам Бегайдын расмий жолугушуу аземи өттү

Садыр Жапаров менен Байрам Бегайдын расмий жолугушуу аземи өттү

 

Бүгүн, 18-июнда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров менен Албания Республикасынын Президенти Байрам Бегайдын расмий жолугушуу аземи болуп өттү.

Салтанаттуу иш-чара “Рух-Ордо” маданий борборунда уюштурулуп, аянтка Кыргызстан менен Албаниянын мамлекеттик туулары илинип, Ардактуу кароол ротасы тизилди. Ошондой эле аземге улуттук кийимчен 40 этно жоокер катышты.

Мамлекет башчылары саламдашкандан кийин Ардактуу кароолдун командиринин рапортун кабыл алышып, эки өлкөнүн мамлекеттик гимндери жаңырды. Андан соң лидерлер Ардактуу кароолдун катарын кыдырып чыгышты. Албаниянын Президенти Байрам Бегай аскер кызматкерлерине салам жолдоду.

Расмий аземдин жүрүшүндө эки өлкөнүн лидерлери делегация мүчөлөрү менен таанышып, кызматташтыктын келечектүү багыттары боюнча пикир алышууга даярдыктар көрүлдү.

Андан кийин Садыр Жапаров менен Байрам Бегай биргелешкен сүрөткө түшүп, эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрүү үчүн №2 мамлекеттик резиденциянын Конгресс-холлуна жөнөштү.

Белгилей кетсек, Албания Президентинин Кыргызстанга болгон бул сапары эки өлкөнүн дипломатиялык мамилелеринин тарыхындагы алгачкы расмий визит болуп саналат жана кыргыз-албан кызматташтыгын жаңы деңгээлге чыгарууга багытталган.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар