Башкы беткеПрезидентТоктогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын ээлери аныкталды

Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын ээлери аныкталды

Президент Садыр Жапаров Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыкты ыйгаруу боюнча жарлыкка кол койду.

Ага ылайык, 2025-жыл үчүн адабият жана искусство жаатындагы Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгы өз ишмердүүлүгүндө өзгөчө айырмаланган инсандарга ыйгарылды.

Мамлекеттик сыйлык төмөнкү номинациялар боюнча берилди:

  1. Адабият жаатында: Жазуучу Айтмамбетов Ишен Жакшылыковичке — “Бет-Алман” тарыхый романы үчүн;
  2. Музыкалык искусство жаатында: Композитор-обончу, Кыргыз Республикасынын эл артисти Казаков Түгөлбай Токтогуловичке — “Боз жорго” музыкалык чыгармасы үчүн;
  3. Кино искусство, радио жана телекөрсөтүү жаатында: Т. Океев атындагы “Кыргызфильм” улуттук киностудиясынын сценаристи жана кинорежиссеру Абдыкадыр Тилекке — Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган 4 сериялуу тарыхый-документалдуу киноэпопеясы үчүн.

Сыйлык “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары, ардак наамдары жана мамлекеттик сый акылары жөнүндө” мыйзамынын жана КР Конституциясынын негизинде ыйгарылды.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар