Башкы беткеПрезидентСадыр Жапаров менен Байрам Бегай кыргыз-албан кызматташтыгын кеңейтүү маселелерин талкуулашты

Садыр Жапаров менен Байрам Бегай кыргыз-албан кызматташтыгын кеңейтүү маселелерин талкуулашты

 

 

 

 

Бүгүн, 18-июнда Чолпон-Ата шаарында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Албания Республикасынын Президенти Байрам Бегай менен расмий сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Жолугушууда эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери, ошондой эле өз ара байланыштарды өнүктүрүүнүн келечеги талкууланды.

Президент Садыр Жапаров Албания лидеринин Кыргызстанга болгон алгачкы расмий сапары эки өлкөнүн мамилелериндеги тарыхый окуя экенин белгилеп, бул визит кыргыз-албан кызматташтыгынын жаңы барагын ачаарына ишеним билдирди.

Мамлекет башчысы Кыргызстан Албанияны Европадагы маанилүү өнөктөштөрүнүн бири катары карай турганын айтып, соода-экономикалык байланыштарды, инвестициялык кызматташтыкты жана тармактык өз ара аракеттенүүнү кеңейтүүгө кызыкдар экенин билдирди. Анын айтымында, туризм, кайра иштетүү өнөр жайы, транспорт жана санариптик өнүгүү тармактарында кызматташуу үчүн чоң мүмкүнчүлүктөр бар.

Ошондой эле Садыр Жапаров Кыргызстан Европа Биримдигинин авиациялык коопсуздук боюнча «кара тизмесинен» чыгарылганын белгилеп, келечекте эки өлкөнүн ортосунда түз аба каттамдарын ачуу мүмкүнчүлүгүн кароону сунуштады.

Президент билим берүү, маданият жана спорт жаатындагы кызматташтыкты өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүнө токтолуп, Албаниянын спортчуларын 2026-жылы Кыргызстанда өтө турган VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышууга чакырды. Ошондой эле Албания Президенти «Бишкек+25» Тоо саммитине катышууга чакыруу алды.

Өз кезегинде Албаниянын Президенти Байрам Бегай сүйлөшүүлөр өлкөлөр ортосундагы кызматташтык үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачарын белгиледи. Ал Кыргызстан акыркы жылдары экономикалык өнүгүүдө олуттуу ийгиликтерге жетишкенин белгилеп, эки мамлекет экономика, билим берүү, маданият жана башка тармактарда кызматташууну кеңейтүүгө даяр экенин билдирди.

Мындан тышкары, Байрам Бегай Садыр Жапаровду Кыргызстандын БУУнун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу эмес мүчөсү болуп шайланышы менен куттуктап, эл аралык аянтчаларда тыгыз кызматташууга даяр экенин билдирди. Ал ошондой эле Кыргызстандын Президентин 2027-жылы Албанияга расмий сапар менен келүүгө чакырды.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында мамлекет башчылары кыргыз-албан мамилелерин өнүктүрүү боюнча Биргелешкен билдирүүгө кол коюшту.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар