Башкы беткеПрезидентКыргызстан менен Албаниянын биринчи айымдарына этномаданий программа тартууланды

Кыргызстан менен Албаниянын биринчи айымдарына этномаданий программа тартууланды

Кыргызстандын биринчи айымы Айгүл Жапаровага жана Албаниянын биринчи айымы Арманда Бегайга Чолпон-Ата шаарындагы Чыңгыз Айтматов атындагы “Рух-Ордо” маданий борборунда этномаданий программа тартууланды. Бул тууралуу Кыргызстандын биринчи айымынын социалдык тармактагы баракчасына жарыланды.
Иш-чаранын алкагында конокторго кыргыз элинин бай маданий мурасы, улуттук каада-салттары жана искусствосу көрсөтүлдү.
Андан соң жогорку даражалуу меймандар үчүн “Рух-Ордо” маданий борборунда экскурсия уюштурулду.

Иш-чара Албания Республикасынын Президенти Байрам Бегайдын Кыргыз Республикасына болгон расмий сапарынын алкагында өттү.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар