Быйыл улуу жазуучу Чыңгыз Айтматов негиздеген Ысык-Көл форумуна туура 40 жыл толду. Бул жолку эл аралык иш-чара Кыргызстандын демилгеси менен Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун жарлыгына ылайык өткөрүлүүдө.
Форумга Батыш менен Чыгыштан, Азия жана Африка чөлкөмдөрүнөн замандын эң көрүнүктүү интеллектуалдары чогулду. Кадырлуу коноктордун арасында Нобель сыйлыгынын лауреаттары, дүйнөлүк деңгээлдеги окумуштуулар жана коомдук ишмерлер бар. Мындай атактуу акылман-интеллектуалдарды бир аянтчага чогултуу дүйнөнүн көп эле өлкөсүнүн колунан келе бербейт.
Иш-чарада заманбап дүйнөнүн эң актуалдуу маселелери талкууланмакчы. Албетте, талкуу менен эле көйгөйлөр дароо чечилип кетпейт, бирок биз өз үнүбүздү дүйнөгө угузуп, бул аянтчаны “Интеллектуалдык Давоско” айлантууну көздөйбүз. Келечекте интеллектуалдык жана экономикалык Давостун деңгээлине жетүү — убакыттын энчиси. Башкысы, Кыргызстан гуманитардык жана эл аралык маанидеги ири демилгелердин борбору катары өз позициясын бекемдөөдө.
Бүгүн форумдун ачылышына Президент Садыр Жапаровдун катышып, Албаниянын Президенти жана бир катар чет мамлекеттердин лидерлери куттуктоо сөзүн сүйлөштү.
Адамзаттын келечегин түйшөлткөн маанилүү маселелер ортого салына турган эл аралык форумдун ишине ийгилик каалайбыз!



