Президент Садыр Жапаров 18-июнда Чолпон-Ата шаарында Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын депутаты, Адилеттүүлүк жана Өнүгүү партиясынын төрагасынын орун басары, Түрк мамлекеттер менен байланыштар боюнча башкармалыгынын башчысы Күршад Зорлуну кабыл алды.
Жолугушууда кыргыз-түрк стратегиялык өнөктөштүгүнүн учурдагы абалы, парламенттер аралык кызматташтык, ошондой эле саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарды мындан ары өнүктүрүү маселелери талкууланды.
Мамлекет башчысы Кыргызстан Түркия менен ишенимдүү өнөктөштүктү бекемдөөгө өзгөчө маани берерин белгилеп, эки өлкөнүн ортосундагы достук жана боордоштук мамилелер жогорку деңгээлде өнүгүп жатканын айтты.
Өз кезегинде Күршад Зорлу Президент Режеп Тайип Эрдогандын саламын жеткирип, акыркы жылдары кыргыз-түрк кызматташтыгы стратегиялык өнөктөштүк деңгээлине чыкканын белгиледи.
Ал ошондой эле учурда 1,6 млрд АКШ долларына жеткен эки тараптуу соода жүгүртүүнү келечекте 5 млрд долларга чейин көбөйтүүгө мүмкүнчүлүк бар экенине ишеним билдирди.
Мындан сырткары, Күршад Зорлу Кыргызстанды 2027–2028-жылдарга БУУнун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу эмес мүчөсү болуп шайланышы менен куттуктады.
Жолугушуунун соңунда тараптар кыргыз-түрк стратегиялык өнөктөштүгүн мындан ары тереңдетүүгө жана бардык багыттар боюнча кызматташууну кеңейтүүгө даяр экенин ырасташты.



