Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан Эл аралык Ысык-Көл форумунун алкагында адабият боюнча Нобель сыйлыгынын лауреаты, белгилүү кытай жазуучусу Мо Янь Кыргызстан тууралуу жылуу пикирин билдирди.
Ал өз сөзүндө Кыргызстанды улуу өлкө жана таланттуу эл деп атап, мунун негизги себеби өлкөнүн бай адабияты жана дүйнөгө Чыңгыз Айтматов сыяктуу залкарды тартуулаганы менен байланыштуу экенин белгиледи.
«Кыргызстан — улуу өлкө, гениалдуу эл. Анткени анын улуу адабияты бар. Кыргызстан бактылуу мамлекет, себеби анын Айтматову бар», — деди Мо Янь.
Белгилүү жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгы дүйнөлүк адабияттын алтын казынасына кирерин белгилеп, анын чыгармалары бүгүн да адамзат үчүн актуалдуу бойдон калып жатканын айтты.
Белгилей кетсек, учурда Чолпон-Ата шаарында «Цивилизациялык бурулуш доорундагы дүйнө: келечекке бирге» деген темада Эл аралык Ысык-Көл форуму өтүүдө. Форумга дүйнөнүн 17 өлкөсүнөн келген саясатчылар, окумуштуулар, жазуучулар, маданият ишмерлери жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышууда.
Иш-чара Чыңгыз Айтматов негиздеген диалог аянтчасынын 40 жылдыгына арналган жана маданияттар аралык кызматташтыкты, гуманисттик баалуулуктарды жана дүйнөлүк өнүгүүнүн актуалдуу маселелерин талкуулоого багытталган.



